• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Ниязалиев: 47 миң жаран Россиянын “кара тизмесинен” чыгарылды

18 Тогуздун айы 2022 13:39 Бишкек Govori.TV

 КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев “Кабар” агенттигинде министрликтин 2021-жылдын октябрь айынан 2022-жылдын октябрь айына чейинки аралыгындагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип жатып Россия Федерациясы тарабынан Кыргызстандын 47 миң жаранын миграциялык амнистиялоо чечими кабыл алынганын билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан бул маселени көп жылдан бери көтөрүп келген.

“Аталган маселе көп убакыттан бери президенттердин, өкмөт башчыларынын жана министрлердин деңгээлинде көтөрүлүп келген. Жыйынтыгында ушундай чечим кабыл алынды”, — деди ал.

Количество просмотров: 86