Бишкек.03.08.2018.Govori.TV.
Оштогу Ноокат районунун Зулпуев айылында «Вольво» үлгүсүндөгү чоң жүк ташуучу унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Ош—Ноокат унаа жолунун 14-чакырымындагы кырсыктан адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.