• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ноокатта 275 орундуу мектеп пайдаланууга берилет

8 Аяк оона 20259:08 Бишкек Govori.TV

Ноокат районуна караштуу Он-Эки-Мойнок айылынданы 275 орундуу А.Сыранов атындагы мектептин курулушу аяктап калды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Долбоорго ылайык, эски мектептин ордуна салынып жаткан жаңы мектеп эки кабаттуу, 4 блоктон турат. Окуучулар жана мугалимдер үчүн бардык заманбап шарттар каралган. Жалпы аянты 1956 чарчы метрди түзөт.

Мектеп республикалык бюджеттен каржыланууда. Учурда курулуш иштеринин 95 пайызы бүткөрүлдү.

Количество просмотров: 89