Ноокат районунун Кайрагач айылында 39 жаштагы адамды кокусунан экскаватор тебелеп кетип каза болду.
Милициянын маалыматы боюнча кырсык 10-май күнү кечинде болгон.
«2025-жылдын 10-майында саат 22:30 чамасында Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Кайрагач айылынын 1997-жылы туулган тургуну И.С. экскаватору менен ошол айылда жол тегиздеп жатып, артка айдаган учурда кокусунан артында турган 1986-жылы туулган А.З.ны тебелеп кеткен. Ал окуя болгон жерде каза болгон»,-деп айтылат маалыматта.