• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Ноокатта баңгизат саткан шектүү кармалды

20 Чын куран 2024 16:24 Бишкек Govori.TV

Ноокатта баңгизат саткан шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

2024-жылдын 13-февраль күнү Ноокат райондук ички иштер башкармалыгына “А” жана “Б” аттуу белгисиз жарандар шектүү зат алып жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган маалымат каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.

Топтолгон материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

«Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 2024-жылдын 10-апрель күнү Ош шаарынын 1972-жылы туулган А.А. аттуу тургуну өзүнүн үйүнүн жанында атайын белги коюлган 20 000 (жыйырма миң) сом акчаны алып, күрөң түстөгү, өзгөчө жыты бар затты саткан учурда кылмышка шектүү катары кармалган. Аталган затты аныктоо үчүн тийиштүү экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык, шектүүнүн жанынан табылган зат “гашиш” баңгизаты экендиги аныкталган. Шектүү А.А. убактылуу кармоочу жайга киргизилген»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка атуулдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөо амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 91