• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ноокатта белгисиз бирөөлөр эки жаранга ок чыгарды

5 Кулжа 2022 18:25 Бишкек Govori.TV


Ош облусуна караштуу Ноокат шаарынын 2 тургунун белгисиз жарандар атып кетишкен. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 5-июнда катталган. Саат 09:00 чамасында Ноокат шаарынын С.Алимбаев көчөсүндө эки жарандын бутуна белгисиз жарандар ок атышкан. Ыкчам тергөө тобу барганда «Тайота Авенсис» жана «ДЭУ Нексия» үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн абалда турган. Ноокат шаарынын 30 жаштагы тургуну Н.И. аттуу жаран бүгүн саат 08:40 чамасында үйүнөн чыгып, колунда баштыгы менен Ноокат районунун борбордук базарына бара жаткан. Анын артынан «Нексия» үлгүсүндөгү унаа кууп келип, көчөнүн кесилишинде бурулуп жаткан П. Х. аттуу жарандын башкаруусундагы «Тайота-Авенсис» үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан.

«Ошол учурда Нексиядан белгисиз жаран түшүп, Н. И.нин сол бутуна ок атуучу курал менен аткан. Тойотанын айдоочусу унаадан түшкөндө аны дагы сол бутуна атып, белгисиз үч жаран, Н.И.нин колундагы баштыкты көтөрүп качып, изин жашырышкан. Жарат алган П. Х. менен Н. И. Ноокат аймактык ооруканасына жеткирилген. Дарыгерлердин айтымында алардын абалдары орто. Белгисиз жарандар карактап кеткен Н. И.ге таандык баштыкта 60 млн өзбек суму (450 миң сом) болгон»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда окуя болгон жерде Ноокат милициясынын ыкчам-тергөө тобу, эксперт криминалисттер иштеп, кылмышка шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам иш чараларды жүргүзүшүүдө.

Теги:
Количество просмотров: 628