• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Журналист Махабат Тажибай кызынын аткаруусундагы комуз күүсү социалдык тармактарда кеңири жайылууда

9 Чын куран 202619:34 Бишкек Govori.TV

Ал Саринжи Бөкөй чыгармасын комуз менен аткарып, көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Видеодо журналисттин чеберчилиги жана улуттук музыканы жеткирүүдөгү өзгөчө ыкмасы байкалат.

Белгилей кетсек, Махабат Тажибай кызы буга чейин Темиров Лайф медиасында эмгектенип, кийин эркинен ажыратылып соттолгон. Жакында ал акталып чыгып, коомчулукта бул окуя чоң талкуу жараткан.

Учурда журналист ден соолугуна байланыштуу ооруканада дарыланып жатканы маалым болчу. Журналист Лейла Саралаеванын айтымында бул видео анын үйүндө тартылган. Махабат Тажибай кызы журналист гана эмес, комузчу, дастанчы деп жазган кесиптеши. Тасмада журналисттин комуз чертип отурган видеосу социалдык тармактарга тарап, колдонуучулар тарабынан жылуу кабыл алынууда.

Көпчүлүк аны колдоп, тезирээк сакайып кетишин каалап, жакшы тилектерди жазышууда.

Шилтеме: журналист Лейла Саралаева өз баракчасына күү ойногон видеону жарыялаган.

Шилтеме:
https://www.facebook.com/share/v/14YUndnfmVV/?mibextid=wwXIfr


Количество просмотров: 257