• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Ноокатта көчөйүн деген мектептен билим алышууда

9 Кулжа 2022 10:05 Бишкек Govori.TV

Ош облусуна караштуу, Ноокат районунун Арал айылындагы Алымкул Үсөнбаев атындагы орто мектебинин акыбалы өтө начар жана кооптуу абалда турат. Бул тууралуу журналист Канышай Мамыркулова өзүнүн социалдык баракчасына чыгарды.


«Бул бүгүнкү күн. Сиз менен биз ары жагы Американы, бери жагы Асман шаар менен Ак үйдү кеп кылган күндөр. Мектеп менен таанышып, “такалуудан тай калбай” мурунку чакырылыштын 17 депутаты келип кетишиптир. Андан башка чиновниктер жыл сайын келип, долбоору, сметасы, айтор баары даяр экен»…


Бул тууралуу ӨКМ 2014-жылы авариялык абалда деп корутунду чыгарган. Мектеп 1965-жылы курулган.


«Чиновниктер жылда “тил эмизип” келе беришип, айылдыктар ишенбей калышыптыр…Уят да»,-деп жазган Мамыркулова.

Количество просмотров: 280