• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ноокаттагы медреседе өлтүрүлгөн баланын чоо-жайы

11 Тогуздун айы 202417:03 Бишкек Govori.TV

Жакында эле Ноокат районундагы Мирмахмудов айылындагы медреседе өспүрүм бала өлтүрүлгөн. Бул боюнча иштин чоо-жайын КР Мамлекеттик дин комиссиясынан билүүгө аракет кылдык.

Ноокат районунун Мирмахмудов айыл аймагындагы медреседе Гулистан айылынын тургуну 16 жаштагы М.М. өз ара пикир келишпестиктен улам, Өзгөн районунун Куршаб айылынын Ш.Ф. аттуу 14 жаштагы тургунун бычак менен сайып жиберген.

Натыйжада, Ш.Ф. алган жараатынан улам, аймактык ооруканага жетпей каза болгон. Кылмышка шектүү кармалып, кылмыш иши козголгон.

14 жаштагы баланын өлүмүнө байланыштуу КР Мамлекеттик дин иштери боюнча комиссиянын түштүк аймагы боюнча бөлүм башчысы Адилбек уулу Фурхадбек окуянын чоо-жайын айтып берди.

Количество просмотров: 1558