• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Ноокаттагы мектептин жылытуусу боюнча министрликтин жообу

27 Үчтүн айы 2023 14:25 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлиги Ноокат районуна караштуу Ынтымак айыл өкмөтүндөгү Төрөбай Кулатов атындагы орто мектебинин жылытуусу жөнүндө 2023-жылдын 27-январында “АкиПресс” маалымат агенттигинин сайтына жарыяланган макала боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет:

2023-жылдын 24-25-26-январь күндөрү Ынтымак айылында саат 8.00дөн саат 10.00го чейин жана мезгил-мезгили менен электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учураган. Ошол учурда мектептин буу казанындагы (котельный) сууну айдоочу насостор иштебей калгандыктан мектептин имараты муздап калат. Кайрадан жылуулук берилип, толук кандуу ысыганга чейин эки саатка жакын убакыт кетет. Бул мезгилде  кааналарда температура нормага жетпей жаткан.

Жылытуу мезгилине керектелүүчү БСШ маркадагы 90 тонна көмүр айыл өкмөтү тарабынан түшүрүлгөн. Акыркы 2 күндөн бери башка БК маркадагы көмүр айыл өкмөтү тарабынан алынып келинди.  Учурда окуу кааналарында температура 17,18 градусту түзөт. Мындан сырткары окуу кааналарына кошумча жылыткычтар коюлуп, жылытылууда. Окуу процесси эч кандай үзгүлтүккө учураган жок.

Количество просмотров: 80