• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Ноокен РИИБдин имараты оңдоп-түзөөдөн өттү

11 Тогуздун айы 202311:51 Бишкек Govori.TV

Ноокен РИИБдин имараты оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маадыматка ылайык, Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратынын ички бөлүгү жана сырты оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, терезелери пластиктен жасалып, эшиктери алмаштырылды.

«Окуу бөлмөсү заманбап стол, стулдар менен камсыздалды. Жазуулары жаңыдан жазылып, керилме шыпталар тартылды. Бардык электр чубалгылары алмаштырылып, кайрадан монтаждоо иштери жүргүзүлдү. Кызматкерлердин окуу машыгуусун өткөрүүчү жайга асфальт төшөлүп, сызыктары жаңыдан чийилди. Имарат алдындагы жер тилкеси айдалып, көрктөндүрүүгө даярдалды. Ремонт иштери ИИМдин жана жеке демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ишке ашты»,-деп жазылат маалыматта.

Кошумчалангандай, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жыл башынан тарта 30 жерге видеокамералар орнотулуп, милициянын нөөмөт бөлүмдөрүнө туташтырылган. Коомдук жайлардагы тартипти нөөмөттө турган кызматкерлер көзөмөлгө алып турат. Жалпысынан азыркы учурда район аймагында 219 видеокамералар иштейт.

Количество просмотров: 65