• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ноокенде күйүүчү май ташуучу унаа оодарылып калды

14 Кулжа 202116:46 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунда күйүүчү май ташуучу унаа оодарылып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымытка ылайык, Бишкек-Ош жолунун 497-чакырымында май ташуучу унаа (бензовоз) жол кырсыгына кабылып оодарылып кеткен деген маалымат 102 кызматынан келип түшкөн.

Абалды көзөмөлдөө үчүн Майлуу-Суу шаарынын ӨКБдан 1 бөлүм тартылып, жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте иш-чаралар жүргүзүлдү. Жабыркаган адамдар жок.

Количество просмотров: 255