• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ноокенде мунай өндүрүүчү компаниянын өкүлдөрү кармалды (видео)

12 Тогуздун айы 2022 17:34 Бишкек Govori.TV

Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында мунай өндүрүүчү компаниянын өкүлдөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, УКМК Жалал-Абад областык башкы башкармалыгы Салык кызматынын кызмат адамдарына, мунай жана жаратылыш газын өндүрүү үчүн скважиналарды бургулоо менен алектенген компаниянын өкүлдөрүнө карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголду.

«Салык кызматы тарабынан КР салык мыйзамдарынын сакталышы боюнча жеринде пландуу текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында мунай өндүрүүчү компанияга карата 207 млн сомго жакын салык төлөөдөн качуу фактылары аныкталган.

Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө, бир нече компаниялардын иш-аракеттерин координациялоо бир адамдын, КЭРнын жаранынын жетекчилиги тарабынан ишке ашырылып, товарларды жалган жеткирүү, ошондой эле жумуштарды жана кызматтык көрсөтүүлөрдү аткаруу өз ара байланышкан ишканалардын ортосунда документтештирилгендиги аныкталды», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгиленгендей, үстүбүздөгү жылдын 10-октябрында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, аталган ишканалардын ортосундагы байланыш жана алардын бири-бирине тиешелүүлүгү аныкталган. Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталган 60 миллион сомго жакын зыяндын бир бөлүгү мамлекетке өндүрүлгөн. Калган келтирилген зыянды тез арада төлөп берүүлөрү пландалууда.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 752