• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Нооруз — «Жаңы күн» майрамы

21 Жалган куран 2020 7:14 Бишкек Govori.TV

Нооруз — аруулуктун, тазалыктын, жаңылануунун майрамы. Бекеринен «Ноу» — жаңы, «руз»- күн — деп айтылбаса керек.

Ал эми кыргыздарда Нооруз байыртадан баркталып келаткан майрам катары белгиленип келет. Бул күнү адамдар жакшылыкка үмүт кылып, эски таарынычтарын унутуп, бири-бирин сыйлап, көзү өтүп кеткен жакындарына, жалпы арбактарга куран окуп бата кылышат. Үй ичин тазалашып, арча менен аласташып, «оору-сыркоо, кырсыктар болбосун» деп, жакшылыкка тилек кылышат.

Ар бир үйдө колунан келген даамын, тамак-ашын жасап, дасторкон жайышат. Ноорузда атайын кастарлап жасалуучу даамдын бири — сүмөлөк.

Ноорузду Борбор Азиядагы каракалпактар, түркмөндөр, тажиктер, өзбектер, казактар, кыргыздар, Кавказдан азербейжандар, Ооганстан, Иран, Пакистан, Түндүк Индия, Ирак элдик майрам катары

Кыргызстанда Ноорузга байланыштуу каада-салттардан тышкары элдик фольклордук ыр-күүлөр жаңырып, улуттук ат оюндары, спорттук мелдештер уюштурулат.

Количество просмотров: 4270