• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Новиков Баткендеги өрттөнгөн мектептен кабар алды

7 Бештин айы 2020 17:09 Бишкек Govori.TV

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Баткенде 7-декабрда башталган жумушчу сапарында Чоң-Талаа айылында таңга жуук өрттөнүп кеткен мектепке барды. Мектептин абалы менен таанышкан соң, Лейлекке жөнөп кетти. Азырынча өкмөт башчынын милдетин аткаруучу өрттөнгөн мектеп боюнча кандайдыр бир тапшырма же убада бергени белгисиз.

Артем Новиков 7-декабрда Баткенге жумушчу сапары менен барып, Кызыл-Кыя шаарында, Кадамжай районунда өндүрүш ишканалары менен таанышты.

Количество просмотров: 87