• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Новиков менен Өзбекстан премьеринин орун басары менен телефон аркылуу сүйлөштү

20 Жетинин айы 2020 9:46 Бишкек Govori.TV

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков менен Өзбекстан Республикасынын премьер-министринин орун басары Сардор Умурзаков менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өзбекстан Республикасынын өкмөтүнүн коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча чаралардын алкагында көрсөткөн гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү, өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү жана өндүрүш кооперациясы чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду түзүү, соода-логистикалык борборлорду, эки өлкөнүн чек арага чектешкен облустарында эркин экономикалык (өндүрүш) аймагын куруу жолу менен соода жүгүртүүнүн номенклатурасын кеңейтүү маселелери талкууланды.

2020-жылдын декабрь айында чек арага чектеш облустардын башчыларынын кеңешинин үчүнчү отурумун өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди. Кеңештин алкагында өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү максатында соода-экономикалык чөйрөдө Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча Практикалык иш-чаралар планына (Жол картасына) кол коюу пландаштырылууда.

Соңунда тараптар кызматташтыктын актуалдуу маселелерин чечүү үчүн диалогду улантууга жана мамилелердин бардык комплексин мындан ары да активдештирүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Количество просмотров: 57