• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Баткенде кыргыз-өзбек ишкерлеринин жолугушуусу өтүүдө

11 Чын куран 2023 12:52 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунун Кадамжай шаарында кыргыз-өзбек ишкерлеринин жолугушуусу өтүүдө. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жолугушууга ошондой эле Өзбекстандын Фергана жана Кыргызстандын Баткен облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышууда.

Иш-чараны президентин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров ачып, чектеш облустардын ишкерлеринин кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган иш аракеттерге ийгилик каалады.

Өзбекстандан келген ишкерлерди Фергана облусунун башчысынын инвестиция, өнөр жай жана соода боюнча орун басары Икболжон Эргашев жетектеп келди.

«Жолугушууга Фергана облусунан 76, Баткен облусунан 100 ишкер катышууда. Алгач ишкерлер ортосунда эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү боюнча мүмкүнчүлүктөр камтылган маалыматтар берилди», — деп айтылат билдирүүдө.

Алдыда өзбек ишкерлери өз багыттары боюнча Баткен облусунун район шаарларына чыгып, баткендик ишкерлердин ишмердүүлүгү менен жеринде таанышат.

Белгилей кетсек, бул иш-чара 2023-жылдын 27-январында Бишкек шаарында бекитилген КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Өзбекстандын Фергана облусунун хокимиятынын ортосунда 2023-2025-жылдарга кызматташууну кеңейтүү жөнүндөгү комплекстүү программанын алкагында уюштурулду.

Количество просмотров: 88