• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Новиков өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча тутумдуу иштин жоктугун белгиледи

15 Жалган куран 2021 17:55 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков мамлекеттик жана социалдык мекемелердеги өрт коопсуздугу эрежелерин сактоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Аталган кеңешме билим берүү мекемелериндеги өрт кырсыгынын келип чыгуу окуяларынын көбөйгөндүгүнө байланыштуу демилгеленген.

Артем Новиков белгилегендей, өрттүн келип чыгуусунун негизги себеби катары өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча тутумдуу иштин жүргүзүлбөгөндүгү саналат.

«Акыркы 2,5 айдын ичинде мектептерде үч өрт кырсыгы катталган. Тармактык түзүмдөрдүн чубалгыларды жана трансформаторлорду тыкыр көзөмөлдөөдөн тартып, калк арасында натыйжалуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө дейре ырааттуу өз-ара аракеттешүүсү зарыл», — деди биринчи вице-премьер-министр.

Биринчи вице-премьер-министр окуу процессин тез арада жандандыруу максатында тийиштүү тармактардын өрттөн кийинки кесепеттерди жоюу жана зыяндын өлчөмүн баалоо боюнча ыкчам иш жүргүзүүсү маанилүү экендигин баса белгиледи.

«Бардык калыбына келтирүү иштери окуу жылы башталганга дейре жыйынтыкталышы керек», — деди Артем Новиков.

Ошондой эле ал өрткө каршы талаптарга ылайык келүүсүн ыктыярдуу моюнга алуу принцибин ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн иликтеп чыгууну тапшырды, бул өз кезегинде турак-жайларды жана коммерциялык обьектилерди пайдаланууда жана курууда жарандардын жана бизнестин жоопкерчилигин жогорулатууга шарт түзөт.

Количество просмотров: 95