• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Новопавловкада чыр чыккан лицейдин директорунун ордуна убактылуу келген талапкерге ата-энелер каршы

13 Бугу 201913:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек.13.05.2019.Govori.TV.

Чүй облусуна караштуу Новопавловка айылындагы № 1 мектеп-лицейинин окуучуларынын ата-энелери кайрадан митингге чыгышты. Алар «Ак үйдүн» алдына чогулушкан, бирок шаар мэриясы акцияны Горький паркында өткөрүүгө уруксат берди.

«30-майга чейин «Ак үйдүн» алдында митингге чыкканга болбойт деген токтом бар экенин айтышты», -дешти ата-энелер. Алар акцияга чыгуу себебин мектепте акча чогултууга тыюу салынып, балдарды бай-кедей деп бөлүүгө каршы болушканы менен түшүндүрүштү.

Нааразы тарап мектеп директору Диляра Абдуллаеваны иштен кетирүүнү талап кылышууда. Алар өткөн жумада Билим берүү жаан илим министри мектепке келгенин айтышты.

«Ата-энелердин бирин дагы жолугушууга киргизишкен жок. Биз сыртта 3 саат бою күттүк, ал болсо жабык кабинетте 4 сааттай отуруп, андан кийин бизге эмне керек деп сурады», -дешти алар.

Ата-энелер мектеп директорунун ордуна убактылуу келген талапкерге дагы каршы экенин айтышууда.

Количество просмотров: 12