Бишкек.29.04.2019.Govori.TV.
Новопавловкада жайгашкан Ч. Айтматов атындагы мектептин директору мыйзамсыз акча чогултуп жатат деп окуучулардын ата-энелери буга чейин нааразычылык акциясына чыгышканы жалпыбызга маалым.

Бул маалыматка утурлай, жакынкы күндөрү аталган мектептин ичинин сүрөттөрү социалдык тармактарга фейсбук колдонуучу тарабынан жүктөлүп, көпчүлүктүн көңүлүн бурду.

Аталган колдонуучунун сөзүнө ылайык, Ч. Айтматов атындагы лицейде баардык шарттар каралган. Ар бир класста окуучуларга ыңгайлуу болгон электрондук доскадан тартып, отурган эмеректер, мугалимдерге арналган жеке ноутбуктар, мыкты жасалгадагы концерттик залдарга күбө болуп, таң калганын жазган.

Андан тышкары, “мектеп директору тарабынан чогултулуп жаткан акчалар кайда кетип жатат”,- деген суроого жооп катары аталган жаран өз пикирин жазып калтырган.

“Айына 500 сом акча төлөгөндүн жөнү бар өңдөнөт. Себеби, мектептин ичиндеги буюм-тайымдар, эшик – терезелер, акысыз вай-фай биология кабинетинде колдонулган атайы шаймандардын баары оңой акча турбайт. Андыктан чогулган акчалар окуучу балдардын ыңгайлуу шартына сарпталып жатканы көрүнүп турат.”-деп билдирет фейсбук колдонуучу.