Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында жеңил унаа поезддин алдында калды. Бул тууралуу «Марал» радиосунун сайты жазды.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 15-октябрда катталган. Кырсыктан үч адам оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
Поезд келе жаткан чакта жеңил унаанын айдоочусу өтүп кетүүгө аракет кылган. Бирок жетишпей калып, поезд унааны сүрүп кеткен. Анын ичиндеги үчөө оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат,-деп айтылат маалыматта.