• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Новопокровкада абакка баңгизат киргизүүгө аракеттенген жаран кармалды

28 Аяк оона 202215:19 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Новопокровка айылында жайгашкан Жазаларды аткаруу кызматынын №3 түзөтүү мекемесинин кызматкерлери мекеменин аймагына тыюу салынган буюмдарды өткөрүү аракетине бөгөт койду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-сентябрда саат 01.45 чамасында мекемеге скотч менен оролгон 3 таңгакты ыргытууга аракет кылган учурда Ш.У.Ж . аттуу КР жараны кармалган.

Милициядан белгилешкендей, таңгактын ичинен кара-жашыл түстөгү, гашишке окшош өзгөчө жыты бар жалпы салмагы 1 кг 70 граммды түзгөн зат табылган.

Кармалган адам жана чогултулган материалдар кошумча тергөөгө өткөрүп берилди.

Количество просмотров: 95