• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Нур-Султанда Кытайдын элчигинин алдына жалгыз адам пикетке чыкты

20 Бирдин айы 2020 18:17 Бишкек Govori.TV

Нур-Султан шаарындагы Кытайдын элчигинин алдында жалгыз адам пикетке чыгып, Шинжаңда камакта отурган инисин бошотууну талап кылды. Алматынын тургуну Байболат Күнболотулы иниси Баймурат 702 күндөн бери абакта отурганын, анын өлүү же тирүү экенин билбей турганын айтып берди. Ал бир тууганынын сүрөтү менен кошо «Иниме боштондук!», «702» күн деген жазууларды да көтөрүп турду.

«Кытайдагы туугандарым кысымдан коркуп, телефонго жооп беришпейт. Инимди бошотмоюнча пикетке чыга берем», — деди Байболат.

Анын айтымында, 30 жаштагы иниси Баймурат эки жыл мурда кармалып, «саясий лагерге» жөнөтүлгөн. Кийин белгисиз себептер менен 10 жылга соттолуп кеткен. Элчиликтин алдындагы пикетке алты полиция кызматкери көз салып, алардын бирөө видеого тартып жатты. Түшкө жуук Кытайдын элчигинин бир кызматкери Күнболотулынын кайрылуусун алып, үч күн ичинде жооп берерин билдирди.

Соңку бир канча жылдан бери Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыз сыяктуу улуттардын өкүлдөрү саясий лагерлерге негизсиз кармалып жатканы кабарланып жүрөт. Расмий Бээжин Шинжаңда мусулман коомчулугунун укугу бузулду деген маалыматтарды четке кагып, саясий лагерлерди кесипке үйрөтүүчү борборлор катары мүнөздөп келет.

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 214