• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Нуралиев: Каза болгон жоокер токко урунган эмес

14 Жетинин айы 2019 14:44 Бишкек Govori.TV

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын түзүмүндө кызмат өтөп жаткан эки аскердин өлүмү жүрөк оорусуна байланыштуу. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) башчысынын биринчи орун басары Таалайбек Нуралиев билдирди.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында 7 ай  кызмат өтөгөн жоокердин өлүмүнө байланыштуу соттук-медициналык экспертиза чыкты. Анда жоокердин жүрөгү токтоп калган. Каза болгон эки жоокерге эч кандай уруп-согуу дагы болгон эмес. Ал эми токко урунуп каза болду делген жоокер мекеме жайдагы техникалык иштерге жооп берчү. Кыдырып, текшерип келүү учурунда жүрөгү кармап жыгылган. Нөөмөт бөлүмүндөгүлөр токко урунуп каза болду деп ойлошкон,-деди Нуралиев.

Эске салсак, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынынын №3 түзөтүү мекемесинде кызмат өтөп жаткан жоокер электр тогуна урунуп каза болду деген маалымат тараган.

Количество просмотров: 292