• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Нуран Ниязалиев Кыргызстандын Катардагы Элчилик кызматынан бошотулду

19 Бирдин айы 201910:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.02.2019.Govori.TV.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Ниязалиев Нуран Садырович​ башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу​ Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, Нуран Ниязалиев бул кызматта 2015-жылдын 8-декабрынан тарта иштеп келген.

Количество просмотров: 13