• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Нурбек Абасканов өзүнүн фирмасына өзү лицензия берген

2 Жалган куран 2018 8:48 Бишкек Govori.TV
Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин башчысы Нурбек Абаскановго кылмыш иши козголушу мүмкүн. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат бөлүмү билдирүү таратты.
Анда белгилүү болгондой, аталган комитеттин лицензиялык комиссиясы ушул жылдын 22-февралында отурум өткөрүп, анда беш компанияга жана төрт жеке ишкерге ар кандай тармактык лицензияларды ыйгарган. “Лицензияга ээ болгон беш компаниянын бири, электрдик байланыш менен алектенген IC BEST («АйСи Бест») ЖЧКсы болгон. Мөөнөтсүз лицензияга ээ болгон бул компаниянын түзүүчүлөрүнүн бири катары комитеттин төрагасы Нурбек Абасканов өзү катталган. Бул түздөн-түз мыйзам бузуу. Андыктан, азыр Өкмөт башчы Сапар Исаковдун буйругу менен бул ишти иликтөө боюнча атайын комиссия түзүлүп, кызматтык териштирүү башталды”,-деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, КРнын “Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу”, “Мамлекеттик кызмат тууралуу” жана “Атаандаштык тууралуу” мыйзамдарына ылайык, жогорудагыдай  чиновниктердин кол ийрисине тарткан көрүнүштөрүнө тыйуу салынган.
Количество просмотров: 28