• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Нурбек Мурашев: “Чек арадан өтпөй турган унаалардын арасында айыл чарба азык-түлүгүн ташыган бир дагы унаа жок”

1 Чын куран 2019 14:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 01.04.2019.Govori.TV.

Кыргыз-казак чек арасында 300гө жакын фура жана жеңил унаалар турганын  Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмүнөн кабарлашкан.

Бул тууралуу  Айыл чарба жана мелиорация министри Нурбек Мурашев үн катып, кыргызстан тараптан өтпөй турган жүк ташуучу унаалардын арасында айыл чарбасына таандык азык-түлүк ташыгын унаанын жок экенин “Govori.TV” агенттигине билдирди:

“Биз тараптан айыл чарба азыктарын өткөрүүдө эч кандай маселе жок. Кечээ биз барып келсек, ошончо тизилип турган унаалардын арасында айыл чарба продукциясына тиешелүү бир дагы унаа жок экен. Бир унаада гана сабиз турган экен,  аны дагы кезеги менен өткөрүп чечишти”,-дейт Мурашев.

Кошумчалай кетсек, 2019-жылдын 1-апрелине саат 08:00гө карата чек арадагы абал төмөнкүдөй:

-“Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү пунктунда 223 жүк ташуучу унаа кезекте турат;

31-март саат 20:00дөн 1-апрель саат 08:00гө чейин аталган көзөмөл өткөрүү пунктунан 158 оор жүк ташуучу унаа өткөрүлгөн;

-“Чоң-Капка” көзөмөл өткөрүү пунктунда 60-70 жеңил унаа жана 25-30га жакын жүк ташуучу унаалар турат.

“Казастандын көзөмөл жайларында жүргүзүлгөн дыкат текшерүү унаалардын кезек күтүп калуусуна себеп болууда”, – деп кабарлашты чек ара кызматынан.

“Акжол”, “Чалдыбар”, “Токмок” жана “Кең-Булуң” көзөмөл өткөрүү пункттары кадимки тартипте иштеп жатат.

Количество просмотров: 16