Бишкек.24.05.2019.Govori.TV.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашев кызматтан кетүү себептери менен бөлушүүдө. Анын айтымында, кан басымы жогорулап ден-соолуган көңүл бурайын деп чечкен. “Күнүнө жөө 10 килеметр басыш керек. Качан жетишем? Кечке жумуштасын. Эртең мененки саат 8.00дөн кечки 22.00гө чейин иштейсин. Картошка боюнча көбүртүп жабыртып да жиберишти. Бирок мен капа болбойм. Азыр мен ден-соолугумду чыңдап алып Жалал-Абаддагы өзүмдүн чарбам менен алектенем”-деди Мурашев.
Нурбек Мурашев үч жыл министр болуп иштеди. Ошондой эле, “Эч ким мындай көпкө кармалган эмес. Мен кармала алдым. Өкүнүчтүүсү баалашкан жок»-деп айтты экс-министр.