• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Нургүл Аднаева, талапкер: “Менин тандоом “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы болду, себеби…”

22 Аяк оона 2020 10:32 Бишкек Govori.TV

– Нургүл Мажитовна, кайда иштегенсиз? Канча жылдык тажрыйбаңыз бар? Кепти ушул суроодон баштасак.

– Менин эки жогорку билими бар: жогорку медициналык жана эл аралык экономика багытында окугам.

Саламаттыкты сактоо тармагында 32 жылдан бери эмгектенип келе жатам, Бишкек шаардык №6 клиникалык бейтапканада участкалык терапевттен баштап, башкы дарыгерге чейинки тепкичтерди басып өттүм. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда 13 жыл иштеп, башкы адистен дарылоо мекемелери жана калк менен иштөө башкармалыгын жетекчилигине чейинки кызматтарды аркаладым. Андан кийин Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинде реформаны ишке ашыруу жана стратегиялык жактан пландаштыруу башкармалыгынын башчысы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратындагы социалдык өнүктүрүү бөлүмүндө саламаттыкты сактоо маселелери боюнча эксперт болуп эмгектендим.

– Кудай буюруп, депутат болуп калсаңыз саламаттыкты сактоо тармагын жакшыртууга басым коёсуз да, ээ?

– Жогоруда айткандай, саламаттыкты сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасында көп жыл, башка да ар тараптуу багытта иштегеним үчүн ал тармактагы маселелерди чече турган мыйзам долбоорлорун жазам. Ошондой эле ак халатчан коллегаларыма социалдык жактан көмөк көрсөтүү, алардын жана бейтаптардын укугун коргоого алган мыйзамдарды сунуштайм деген ниеттемин. Эң негизги максатым – калкыбыздын саламаттыгына кам көрүүнү колго алуу. Буюрса, орундуу маселелерди көтөрүп, орчундуу иштерди бүтүрүп, элиме пайдалуу иш жасоо менен Жогорку Кеңештин татыктуу эл өкүлү болгум келет.

– Апаат медицинанын абалын ачык көрсөттү. Финансынын аз бөлүнгөнүнөн медицинадагы мышык ыйлаарлык абал ачыкка чыгып калдыбы же анын башка да себептери барбы?

– Кыргызстанда калктын саламаттыгын коргоо финансылык жактан толук көлөмдө корголгон эмес. Республикада калктын саламаттыгын сактоого багытталган бир нече артыкчылыктуу программалар кабыл алынганы менен, алардын ичинен тийиштүү түрдө каржыланбагандары да бар.

Ошон үчүн акыркы жети айдын ичинде, айрыкча мамлекетибиздин коронавирус инфекциясы менен күрөшүү учурунда ата мекендик саламаттыкты сактоонун бардык көйгөйлүү маселелери ачыкка чыкты. Ошондуктан дагы эмне болот деп кооптонбой, азыртан кам көрүшүбүз керек.

1. Коомдук саламаттыкты сактоо кызматын улуттук өзгөчөлүктөрдү жана менталитетти эске алуу менен заманбап мамилелердин алкагында түп тамырынан өзгөртүү зарыл. Сергек жашоонун жана ооруларды алдын алуу боюнча реалдуу программаны иштеп чыгуу, аны финансы жактан толук кандуу каржылоо маселени чечүү керек. 

2. Президенттин санариптештирүү программасынын алкагында саламаттыкты сактоону электрондоштурууну андан ары өнүктүрүүнү, дары каражаттарынын улуттук маалыматтар базасын ишке ашырууну колго алуу керек. 

3. Медицина кызматкерлерин социалдык жактан камсыздоо, эмгек акылардын үзгүлтүксүз индексациялоо зарыл.

4. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) системасын реалдуу жакшыртуу үчүн ар бир адамдын камсыздоонун кайсы түрү ыңгайлуусуна шарт түзүп, укугун коргоо.

5. Дары каражаттарына бааларды мамлекеттик жактан жөнгө салууга милдеттүү кылып, фарм компанияларга салыктарды жеңилдетүүнү карап чыгуу. 

6. Саламаттыкты сактоого мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү (МЖӨ) активдүү киргизүү жана башка көптөгөн маанилүү маселелер бар.

Учурдан пайдаланып, апаат убагындагы ак халатчан өмүр сакчыларына, алардын катарында иштеген ар бир жараныбызга (жаш балдардан баштап улуу адамдарыбызга чейин) күжүрмөн эмгегине, кайратмандыгына, боорукерлигине таазим этем.

– Ушундай тажрыйбаңыз менен эмне үчүн «Мекеним Кыргызстан” партиясын тандадыңыз?

– Мен ар бир саясий партиянын өзүнүн татыктуу адамдары жана ар биринин өлкөбүздү жакшы жакка өзгөртүү боюнча өздөрүнүн көз карштары, ойлору бар деп ойлойм.

Менин тандоом “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы болду. 

Анткени “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын саламаттыкты сактоо жаатындагы концепциясы менен таанышканымда ойлорум, тилектерим, максаттарым шайкеш келди. Ошондой эле «Мекеним Кыргызстан» партиясынын курамы купулума толду. Ар кайсы аймактардан, ар кыл курактагы, ар түрдүү улуттан турган, ар кандай мамлекеттик жана жеке менчик стуктураларда элге кызмат кылып келген кесипкөй адамдардан турганы кубантты. Партиянын ар бир мүчөсүнүн башкы максаты – Кыргызстандын элинин жашоо шарттарын жакшыртуу, элдин кызыкчылыктарын жогору баалоо жана бакубат өлкө куруу.

– “Мекеним Кыргызстан” партиясы мамлекетибизди алдыга сүрөп, элибиздин жаркын жашоодо жашашына шарт түзөт деген ишеним барбы?

– Албетте! Элибиздин жашоосу ар тармактуу максаттар, амбициясы жана тажырыйбасы бар ишкерлер келген учурда гана өзгөрүшү мүмкүн. “Мекеним Кыргызстан” партиясы ошондой адамдарга бай. Мамлекетибизди алга сүрөп, калкыбыздын жашоосун жакшы жакка өзгөртүп, жарандардын билимин жогорулатып, саламаттыгын бекемдөөгө “Мекеним Кыргызстан” партиясынын толук кандуу мүмкүнчүлүгү бар.

– Шайлоо бюллетениндеги 4-орун ийгиликтин башаты десек болобу?

– 4 орун, 4-октябрь бекеринен шайкеш келбесе керек. Мен жакшы жөрөлгө катары кабыл алып, жакшылыкка жорудум. Урматтуу шайлоочулар, 4-октябрда “Мекеним Кыргызстан” партиясына добуш берип, жаркын жашоого багыт алыңыздар!

“Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 – тизмеде!

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Количество просмотров: 65