• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Шайлоо-2020: Матраимовдун нааразы болгону күлкү жаратты

5 Тогуздун айы 2020 9:29 Бишкек Govori.TV

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын штаб жетекчиси Искендер Матраимов «Азаттык» радиосуна парламенттик шайлоо айрыкча Ош шаарында өзгөчө ыплас өткөнүн айтты.

Матраимовдун мындай билдирүүсү коомчулукта талкуу жаратып, айрымдары шакабага алышты. Соцтармактын колдонуучулары «Мекеним Кыргызстан партиясы Биримдиктен көп добуш алабыз деп ниет кылганбы?» деген кептерди айтышууда.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоонун баштапкы жыйынтыгы боюнча «Биримдик» партиясы 24%, «Мекеним Кыргызстан» партиясы 24,01% менен алдыда келе жатат. Үчүнчү болуп «Кыргызстан» партиясына добуш бергендер саналууда, алар 8,78% түздү. «Бүтүн Кыргызстан» партиясы 7,04% добуш алды.

Ал эми калган партиялар 7% босого чектен өткөн жок.

Количество просмотров: 1010