• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Турусбек Матиев, “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер: “Оору, кырсык, турмуш чүнчүткөн адамдарга жардам бергим келет”

25 Аяк оона 2020 11:16 Бишкек Govori.TV

“Мектепте эле мени депутат дешчү…”

– Депутат болуу буйруктан, эгерде Кудай бешенеме жазган болсо, буюрса болом… Мен атасыз чоңойдум, жалгыз эненин жалгыз баласы элем. Апам мен үчүн баарын жасады. Мектепте окутту, жогорку окуу жайынан билим алышыма жардам берди, азыркы тумушумда да чоң орду бар. Эне катары, үйдүн куту, кала берсе тирегим катары мени эч нерседен кем кылбаганга аракеттенди. Кыйынчылыкты көп көрдүм, турмушумда кыйналып жеткен ийгиликтердин баарына кайыл болом. Аракет эч качан текке кетпейт.

Мектепте окуп жүргөнүмдө, эч ким костюм-шым кийип, галстук тагынбаса деле мен ошентип барчумун. Классташтарым, мектепте окуган башка класстагылар “сен депутат болуп калыпсың” дешчү. Мардайып койчумун… Ошол тилекпи же арзуубу, айтор, балалыгымдагы кыялдар мени жетелеп келет. Азыркыга чейин “жакшы тилек жарым ырыс” деген макалга бөркүмдөй ишенем. Мектепте жакшы окудум, апамдын кантип чоңойтуп жатканын өз көзүм, жүрөгүм менен сезгеним үчүн эч нерседен уят кылбаганга аракеттенчүмүн. Өз алдымча окуп-үйрөнүп, чоңойсом колумдан бир иш келсе, апамды жерге-сууга койбой, колума көтөрүп багам деген тилегим орундалды.

6-класста окуп жүргөнүмдө кышында чана тебем деп кокустан бутумду сындырып алдым. Ал мезгилдерде каатчылык, жокчулук эле. Биздин колубузда тыйын-тыпыр жок, апам кыйналып жаткан маал болчу. Өз убагында жакшы операция жасата албадык, мен дарыгерлердин шалаакылыгынан майып болуп калдым… Бала элем, абдан чүнчүдүм, уялдым, кээ бир түндөрү ойлонуп, уктабай чыкчумун…

“Атамды издеп Төлөйкөнгө баргам” 

– Апам Исманова Гүлжамал он тогуз жашында турмушка чыгат. Ошол кездеги Союздун талабына ылайык атам чет өлкөдө Германияда аскерий ракетада кызмат кылат. Аскерден келгенден кийин апама үйлөнүп, жарым жылдан соң рак оорусу менен ооруп калат. 1983-жылы 19-декабрда мен төрөлүпмүн, 1984-жылдын март айында атам өмүрдөн өтүптүр. Атам катуу оорудан ордунан тура албай, мени да көрө албаптыр. Менин арманым – атам менин ымыркай жүзүмдү көрсө, мен атамдын өңү-башын, көзүн бир көрсөм эмне? Элесин өмүр бою көкүрөгүмдө сактап жүрмөкмүн. Чоң атамдар уулубуз туруп кетсе, басып кетсе деген аруу үмүт-тилек менен атымды Турусбек коюшкан экен.

Тестиер кезимде балдар менен урушуп кетсем “жетимсиң”, “атаң өлүп калган”, “атаң жок” деп кемсинткен сөздөр жүрөгүмдү тилип эле таштоочу. Апам жети жашыма чейин мага “атаң бар, кызматта жүрөт” десе, кийинчерээк “атаң окууда жүрөт” деп айта берчү. Ишенчүмүн. Чоңоюп келаткан эркек бала, болгондо да атасыз өскөн бала үчүн атанын тарбиясы кандай керек экенин мага окшоп баары эле туя бербейт, сезе бербейт. Чоңойгондо бир чоң иш кылсам, элге керегим тийсе, элге жардам берсем, ошондо адамдар “ушу кимдин баласы экен деп сөз кылса экен” деген аруу тилек көкүрөгүмдөн кетпеди, ошол изги тилек мага стимул берди. Балалылык жүрөгүмө ошол тилектер уругун сээп кетиптир…

Күндөрдүн биринде Озгурдун суусун кечип өтүп, Төлөйкөнгө бардым атамды издеп. Жок, ырасында атамдын туугандарын издеп. Атамдын төлөйкөндүк болорун угуп калгам. Оюмда кайсы тушта жашаарын билгим келди, коңшу-колоңдордон сурап таап алдым. Ошондо атамдын бир тууган акеси уулун сүннөткө отургузуп жаткан маалына туш келипмин. Атамдын туугандарына “мен Абдирашиттин баласы болом” десем, кучактап алып ыйлап, атам тирилип келгендей сүйүнүштү. Көрсө, атамдын көпчүлүк туугандары артында туяк калганын билбептир. Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун “Ак кемесиндеги” Нургазыга өзүмдү окшото берем…

Орто мектепти бүткөндөн кийин классташтарымдын баары жогорку окуу жайларына тапшырып, окуп калышты. Жокчулуктун айынан окуй албай, Оштогу №16 кесиптик-техникалык окуу жайга тапшырдым. Иштеп жүрүп окудум. Бир кесипке ээ болгондон кийин иштеп жүрүп, окуумдун келишим акысын төлөп, эч кимден бир сом сурабай жогорку окуу жайын бүтүрдүм. Бизнес жана экономика тармагындагы инженер-программист адистигине ээ болдум.

“Тырышчаактык менен көктүк көп нерсеге жеткирди”

– Жыйырма жашымда жогорку окуу жайында билим алып жаткан мезгилде мен кайрымдуулук фонддордон бутума операция жасатууга жардам сурадым. Менин бактыма ойлогон оюм ишке ашып, кайрымдуу адамдардын жардамы менен бутума операция ийгиликтүү жасалды. Табияттагыдай болбосо да түз, чолоңдобой, кыйшайбай басканга жарап калдым. Бала кездеги ар кимдин шылдыңынан, кемсинткенинен кутулдум. Алты саның аман болсо, ошонун өзү бакыт. Мен бакыт эмгектен, аракеттен жана ийгиликтен жараларын сездим.

Турмуштан кыйналган, жаны ооруган адамдар кадыресе жолду чаңытып, ойкелди беймарал жүргөндөргө караганда мээримдүү, боорукер, адамгерчиликтүү келет, оорудан, кырсыктан жана турмуштан жапа чекен адамдарга жакын болот. Аларды угат, түшүнөт, кандай болбосун жардам берет. Муну өзүмдүн мисалыман улам айтып жатам. 

Окууну бүтүп, ишкерчилик менен алектендим. Мага ийгиликтин кичине-чоңу, жакшы-жаманы жок. Иш жасаган адам адашат, жаңылышат, кемчилик кетирет. Ошол кетирген кемчилигинен сабак алса, жакшы, алгылыктуу, жаңы нерселерди үйрөнсө, аны эч ким токтото албайт. Мен бизнесте аздыр-көптүр ийгиликке жетиштим. Көзгө көрүнө турган, кол менен кармай ала турган иштерди жасадым. Адамдар менен сүйлөшүүнү, мамилелешүүнү, элдик дипломатияны үйрөндүм. Агротармагында иштеп жүрүп оорулуу жана майып адамдардын муктаждыгына, керектөөсүнө жараша жардам колумду сундум. Материалдык жактан эле жардам бербестен, моралдык жактан жардам берип, алардын муктаждыгын чечкенге салымымды кошо алдым.

“Элдин батасы менен көгөрөт деген чын”

– Кайрымдуулук фонддо ден соолугума байланыштуу волонтёр болуп иштеп жүрүп, көп адамдар менен тааныштым, алардын жан дүйнөсүнөн орун ала алдым деп айтууга негизим бар. Тубаса майып, иштеп жүрүп ооруп калгандар, кокустуктан жарым жан болгондор көп эле жардам сурашты. Аларды кунт коюп угуп, жетекчиликке баарын айтып-деп, муктаждыгын чечип бериши үчүн бүт күч-аракетимди жумшадым. Өзүм оорунун азабын көп тартканым үчүн аларды аяп да, боор тартып да, кандай маселеси болбосун аткарылышына жардам бердим. Ошондо жетине албай кубанган адамдар дайыма окшош бата беришчү…” Чоң адам бол, мага окшогондорго жардам бер, ар дайым жолуң ачык болсун” дешчү. Ошолордун батасы кабыл болуп, быйыл кыздуу болдум. Өзүм турмуш шартыма байланыштуу кеч үйлөндүм. Бойдок кезимде көзүм түшүп, сөз айтканымда тоготпогон кыздар азыр чачын жулуп жүрүшөт (тамашалап). Ошону менен бирге Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлигим коюлду. Бул да болсо Кудайдын мага берген ырыскысы дейм…

Быйыл дүйнө жүзүн каптаган таажы тумоосунан биздин эл дагы жабыркады. Убагында дары-дармек таппай, ооруканага жата албай, азык-түлүктөн кыйналган жарандарыбызга колдон келишинче жардам бердик. Бактыга жараша кайрымдуулук фондунда аткаруучу директор болуп калганым да мени тубаса майып, оорулуу, ар кандай турмуштук шарттан өксүп, жарым жан болуп калган кыскасы, социалдык жактан корголууга муктаж болгон жарандарга ого бетер жакындатты.

“Бизнес мени чоң максаттарга жетеледи”

– Биздин “Турангрупп” компаниясы үч тармак боюна ишкердүүлүк кылат. Анын курамында 300дөй жумушчулар эмгектенет. 

  1. Кулинария: тамак-аш азыктарын жасоо жана сатуу. Бул багытта бир кыйла ийгиликке жетиштик, фирманын аты таанылып, бренд болуп баратат. 
  2. Курулуш: Оштогу, Кара-Суу жана башка райондордогу социалдык объектилерди, турак үйлөрдү куруп жатабыз.
  3. Агротармак: дыйкан-фермерлер үчүн продукцияларды базар баасында чиритпей, бузбай, даамын, сапатын жоготпой сатып алышы үчүн шарттарды түзүп бердик.

Ош шаарында 2018-жылы логистикалык борборду курдук. 2019-жылы ишке түштү. Учурда 3000ге жакын фермерлер менен иштеп жатабыз. Биздин борбордо продукцияны жууп, тазалап, таңгактап, сертификатын кошо беребиз. Фермерлер жайында бышкан мөмө-жемиштерди, бакча өсүмдүгүн жайы бою сактап, кышында наркы көтөрүлгөндө сатып алышса болот. Биз менен келишим түзүшсө, продукциянын сапатына да кепилдик беребиз. Азыркы күндө миң тоннага жакын жашылча-жемиштер сакталып турат. Пандемияга байланыштуу быйылкы жылы экспортко чыгара турган иштерибиз солгундап кетти. Буюрса, биздин логистикалык борбордун продуктуларына кардарларды да таап, сүйлөшүп койгонбуз. Дагы бир артыкчылыгы, биз менен иштешкен фермерлерге банктар да насыя берүүгө кызыкдар. Жаз алды дыйканчылык иштери башталганда дыйкандарда акча тартыш болот. Ошол мезгилде биздеги фермерлер дароо банкка кайрыла алышат. Башка донорлор да биз аркылуу фермерлер менен кызматташууга кызыкдар болуп жатышат. Биз эл аралык уюмдар: ЕвроАзия, ПРООН, ЮСАИД, АБР (Азия өнүктүрүү банкы) жана башка менен тыгыз кызматташабыз.

Чынын айтканда, биздин фермерлер жер семирткичтерди пайдалануу, жер-жемиштерди сактоо, жаңы үрөндүн сортторун колдонуу, сактоо жана сатуу маселесинде кыйла эле артта калышкан. Ошондуктан жер иштетүүдө жана дыйканчылык кылууда бараандуу ийгиликтерди жарата албай жатышат. Биздин логистикалык борбор Москва облусу, Челябинск шаары, кошуна Казакстан, Өзбекстан мамлекети менен сатуу, экспортоо жөнүндөгү келишимдерибиз бар.

Биздин “Агрокомплекс” 50 га интенсивдүү бакты өстүрүп жатат. Анда алма, өрүк, кокон гилас, шабдалы жана жаңгактын көчөтүн эктик.

“Максатым – элим үчүн ак кызмат кылуу”

– Менин көкүрөгүмдө көптөн бери жашап келаткан максатым – социалдык жактан коргоолууга муктаж болгон, коомдун аялуу катмарына жакындан жардам берүү, аларды колдоо. Алар дагы кадыресе адамдардай өзүн бактылуу сезүүгө укуктуу деп эсептейм. Бир гана аларга түзүлгөн шарттар жок, ата-энедей ысык мамиле, бир туугандай боор тарткан мээрим жетишпейт. Кырсыкка учураганда адам сөзсүз түрдө стресске кабылат. Өзүн-өзү жейт, кыйнайт, кара тумандуу ойдун кучагыда калат. Ошол кезде реабилитациялык борбор болсо, ошол жерде көзү көрбөгөн адам өз алдынча басканды, окуганды, жолдо жүргөндү үйрөнөт. Ага үйрөтүш керек, майыптыктан же кырсыктан жарым жан болуп калган жарандарды, көзү азиз, дүлөй, жарым-жартылай кулагы укпагандарды бир кесипке үйрөтүү керек. Дүлөй болсо да кол өнөрчүлүктү, устачылыкты мыкты өздөштүргөн адамдар бар эмеспи. Мына ушундай категориядагы адамдарды компьютердик технологиялар менен иштөөгө окутушубуз керек. Азыр техника менен компьютердик инженериянын заманы.

Жашоо үчүн күрөш бүтпөйт. Заманды жакшы кылуу, экономикасы өнүккөн мамлекетте жашоо ар бирибиздин колубузда, каалообузда экенин унутпоого тийишпиз.

 “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Турусбек Матиев

Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы!

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Количество просмотров: 71