Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 5-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 20-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Бакирова Нургүл Жакыповна Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы кызматынан өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Бул тууралуу президенттин сайтында жазылат.
Буга чейин парламент Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова менен Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеевдин өз эрки менен кызматтан кетүү тууралуу арызын канааттандырды.