• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жогорку соттун төрагасы судьяларды мыйзам бузууларга жол бербөөгө чакырды

6 Жетинин айы 2023 14:51 Бишкек Govori.TV

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков судьяларды мыйзам бузууларга жол бербөөгө чакырды. Бул тууралуу ал Жалал-Абад облусунун жергиликтүү сотторунун төрагалары жана судьялары менен болгон кеңешмеде билдиргенин Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.

Жалал-Абад шаарындагы Сот адилеттик үйүндө өткөн иш-чарага Жогорку соттун төрагасынын орун басары Шералы Камчыбекова жана Жогорку соттун жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясы Сулайманкул Атакулов катышты.

Замирбек Базарбеков өз сөзүндө мыйзамдын талаптарын жана нормаларын так сактоо зарылдыгына токтолуп, соттор тарабынан коррупциянын алдын алуу жана процессуалдык мыйзам бузууларды жоюу маселесине өзгөчө көңүл бурду.

Ошондой эле сот тутуму өзүн өзүтазалоо ишин уланта тургандыгын белгиледи. Төрага сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатуу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү боюнча тынымсыз иштерди жүргүзүүнү тапшырды. Ал баса белгилегендей, Мамлекет башчы бүтүндөй сот системасына чоң көңүл бурат: соттор үчүн имараттар жана кызматкерлер үчүн кызматтык турак-жайлар курулуп жатат, айлык акы көтөрүлдү.

Кеңешменин жүрүшүндө Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Бакыт Сарыбаев КР Судьялар кеңешине ыйгарым укутарынан баш тартуу туурасында арыз жазганы белгилүү болду.

Жыйындын соңуда төрага Замирбек Базарбеков фемида өкүлдөрүн келе жаткан Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктап, иштерине ийгилик каалап, айтылган маселелер боюнча ар бир сотто аппарат кызматкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Количество просмотров: 161