• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жогорку соттун төрагасы жергиликтүү соттор менен жыйын өткөрдү

15 Жалган куран 2024 15:52 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-мартта Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков жергиликтүү соттор менен видео байланыш аркылуу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, Базарбеков сот реформасынын үчүнчү этабы – иштин сапатына өтүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын билдирди. Анын алкагында, компетентсиз, коррупцияга малынып жаткан судьялар менен күрөш мындан ары дагы улантыла тургандыгын эскертти. Ошону менен бирге судьялардан сот отуруму бүткөндөн кийин чечимди окуп коюп кетип калбастан, тараптарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү талап кылды.

Мындан тышкары, резонанстуу иштер боюнча Жогорку соттун жана Бишкек шаарындагы жергиликтүү соттор кабыл алынган чечимдер боюнча Жогорку соттун басма сөз борборунда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткандыгын айтып, мындай практика эми аймактагы соттордо дагы жүргүзүлүш керек экендигин билдирди.

“Кылмыш жасаган күнөөсү далилденген кылмышкерлер сөзсүз түрдө кылмыш жоопкерчилигине тартылуулары керек. Ал эми күнөөсү далилденбеген күнөөсүз адамдар акталууга жатат. Эгерде кылмыш жасаган адамдын күнөөсү укук коргоо кызматкерлеринин шалаакылыгынын, тажрыйбасыздыгынын натыйжасында далилденбей жаткан болсо, ага кылмышкер күнөөлүбү же сот күнөөлүбү? Бул жагдайларга мыйзамдын талаптарына ылайык өзгөчө көңүл бурууга убакыт келип жетти. Эгерде укук коргоо кызматкерлери тарабынан мыйзамдын талаптарын бузууларга жол берилип жаткан болсо, жеке аныктама чыгарып, ал өз убагында аткарылышын талап кылгыла. Акталган адамдарга чечимдердин мыйзамдуулугун, алардын моралдык жана материалдык чыгымдарды өндүртүп алуу жагын ачык түшүндүргүлө. Сот тутуму тарабынан мындан ары акталган адамдарга карата моралдык жана материалдык чыгымдарды мамлекеттин бюджетинен эмес, мыйзамдын талаптарын бузуу менен ишти соттун кароосуна өткөрүшкөн укук коргоо кызматкерлеринен, ага көзөмөлдүк кылган прокурорлордон өндүрүү жөнүндө мыйзамга толуктоо, өзгөртүү киргизүүнү сунуштайбыз. Мыйзамсыз сот актыларын чыгарышкан соттор дагы мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылуулары керек. Мыйзамды бузушкан тийиштүү бийлик органдарына дагы жеке аныктамаларды чыгаруу керек экендигин талап кылам”, — деп билдирди Замирбек Базарбеков.

Количество просмотров: 91