• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Нурия Султанова: Муктаж болгон айымдарга колдоо көрсөткүм келет

11 Бештин айы 2022 10:35 Бишкек Govori.TV

9-10-11-декабрь күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында сегизинчи тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.

Алардын бири 49 жаштагы Нурия Султанова, ал Чуй районунан келген.

«Аялдар коомунун төрайымы, мындан тышкары айылдык ден соолук комитетинин төрайымы болуп иштейм. Бул тренинге башка да аймактардан айымдар келерин билип, тажырыйба алмашууну максат койдум. 2013-жылы айылдын жашоочуларын жакырчылыктан чыгаруу боюнча долбоор болуп, аны менен иш алып барганбыз. Ошондо мен үч айыл менен иш алып баргам, азыр 10 айыл өкмөт менен иш алып барам. Ал эми азыр 29 айылда туура тамактануу, кичи иштердик менен алек болуп кетүүсүнө көмөк кылуу боюнча долбоор болуп жатат. Азыркы биздин волонтердук ишибизди актимчилик да колдоп келет», деди ал.

Количество просмотров: 106