• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Нурлан Насип жаңы жылды ким менен тосту? Жаңы жылды күткөн Айдана Дека

8 Үчтүн айы 2018 13:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.01.18.Govori.TV

Ырчы, Нурлан Насип: “Жаңы жылды үй-бүлөмдүн курчоосунда тостум”

Жаңы жыл бул үй-бүлөлүк майрам болгондуктан адаттагыдай жаңырган жылды үй-бүлөмдүн курчоосунда тосуп алдык. 31-декабрь күнү жакын адамдарымдан,  кесиптештеримден көптөгөн белектерди алдым, ошол эле учурда аларды да куттуктаганга үлгүрдүм. Чыгармачыл адамдар элдин кызматында болгондуктан он экиден өтүп борбордук аянтка барып кыргыз элимди жаңы жылы менен куттуктадым. Андан кийин бир туугандарымдын жанында майрамдык маанайды уланттым. Буйруса быйыл да чыгармачылыгымда көп ийгиликтерди жаратам деп пландап жаткан кезим.

Ырчы, Айдана Дека: «Башкалардай болуп мен дагы жаңы жылды күтөм»

Жаңы жыл менен үчүн өзгөчө майрам. Башкалардай болуп мен дагы бул майрамды күтөм. Ал эми быйыл жаңы жылды ата-энемдин жанында тостум, адаттагыдай конокко бардык дегендей. Чыгармачылык тармактагы досторум менен да жолугуп жакшы тилектерди айттык. Учурдан пайдаланып баардык Кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктайм.

 

Ырчы, Кайрат Примбердиев: “Эки жылдан бери Россиядан тосуп келсем, быйыл үй-бүлөм менен чогу тостум ”

Быйыл кудай буйруп жаңы жылды үй-бүлөм менен тостум. Анткени эки жыл катары менен сынакка катышып, даярдыктар менен жүрүп Россиядан тосконго туура келген. Быйылкы жыл өзгөчө болуп уулумдун жанында үй-бүлөм менен чогуу тосуп алдык. Жаңы жыл үй-бүлөлүк майрам болгондуктан биз дагы жакшы каалоо-тилектерди балдарыбызга каалап, жаңырган жылда  ынтымак, элибизде тынчтык болсун деген  жакшы тилектерди айттык.

Ырчы, Анара Шаимкулова:» Быйылкы жыл биз күткөндөн дагы ийгиликтерге бай жыл  болсун «

Жаңы жылда конок тосуп, коноко барып ушу күнгө чейин тыным жок болуп жаткан кезим. Элдин шары менен мен дагы жакшы тосууга аракеттенем. Балдарым, жолдошум сүйгөн дүйүм тамактарды,таттууларды дасторконго жаңы жылда жайнатканга аракет кылам. Жаңырган жыл кут береке алып келген, жакшылыктарга, сүйүнүчтөргө бай жылдардан болсун деген тилек менен жаңырган жылыбызды үй-бүлөм менен тосуп алдык. Быйылкы жыл биз күткөндөн дагы ийгиликтерге бай жыл  болсо экен дейм.

Количество просмотров: 25