• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Нурлан Сабуровго 50 жылга Орусияга кирүүгө тыюу салынды

6 Бирдин айы 202615:40 Бишкек Govori.TV

Казакстандык стендап-куудул Нурлан Сабуровго 50 жылга Орусияга кирүүгө тыюу салынган. Бул чечим өлкөнүн улуттук коопсуздугунун кызыкчылыгы үчүн кабыл алынганын укук коргоо органдарындагы булакка таянуу менен РИА Новости жазды.

«30-январда Казакстандын жараны Нурлан Сабуровго Орусияга кирүүгө тыюу салынган», — деп билдирди агенттиктин булагы.

Башка маалымат каражаттарынын маалыматы боюнча, Сабуров тыюу салуу жөнүндө Дубайдан Орусияга келгенде билген. Внуково аэропортунда паспорттук көзөмөлдөн өткөндөн кийин, аны башка бөлмөгө алып кетишкен жана өлкөгө кирүүгө тыюу салган расмий документ беришкен.

Орусиянын расмий мекемелери да, Сабуров өзү жана анын өкүлдөрү азырынча бул боюнча комментарий бере элек.

Количество просмотров: 223