• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Нурланбек Азыгалиев Ташкенттеги Парламенттер аралык комиссиянын III отурумуна катышты

18 Жалган куран 2023 9:37 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Ташкент шаарында өтүп жаткан Парламенттер аралык комиссиянын III отурумуна катышты.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара күн мурун, 17-мартта өтүп, анда парламенттер аралык кызматташтыкка тиешелүү маселелер каралып, бул жааттагы алаканын учурдагы абалы жана келечеги талкууланды.

Жыйында сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Парламенттер аралык комиссиянын алгачкы жыйыны 2018-жылы Фергана шаарында өтсө, экинчи отурум 2019-жылы Ош шаарында уюштурулганын эске салып: «Эки жолугушууда тең байланыштарды чыңдоого багытталган баарлашуу өтүп, керектүү маселелер талкууланды. Бүгүнкү жыйындын күн тартиби да эки өлкө үчүн өтө маанилүү. Парламенттер ортосундагы байланышты чыңдоого гана өбөлгө түзбөстөн, эки өлкөнүн өнөктөштүгүн өрчүтүүгө да көмөкчү болот деген ишеничтемин”, – деди Нурланбек Азыгалиев.

Андан тышкары, экономикалык кызматташтыкка тиешелүү долбоорлорго токтолгон төраганын орун басары Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун салуу жана Камбар-Ата ГЭСин куруу жаатындагы макулдашуулар тууралуу сөз кылды.

Өз кезегинде, Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымынын орун басары Садык Сафоев эки өлкөнүн парламенттеринин деңгээлинде карала турган маселелер арбын экенине токтолуп: «Анын ичинен саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү, мамлекеттик чек арадагы өткөрүү жайларынын ишин жөнгө салуу, соода жүгүртүүнүн көлөмүн көтөрүү өңдүү маселелер боюнча мыйзамдык базаны чыңдоо учур талабы. Андыктан, бүгүн өткөрүлүп жаткан Парламенттер аралык комиссиянын кезектеги жыйыны айтылган маселелерди кеңири талкуулоого багытталган», — деди.

Ошондой эле жыйында аймактар аралык диалогду кеңейтүү жана экономикалык кызматташтыкты арттыруу максатындагы баяндамалар жасалып, эки өлкөнүн тиешелүү жетекчилери маалымат беришти.

Муну менен катар Парламенттер аралык комиссиянын IV отурумун Кыргызстанда өткөрүү чечими кабыл алынып, Жогорку Кеңештин төрагасынын Өзбекстандагы расмий иш сапарын уюштуруу да тууралуу сөз болду.

Эскерте кетсек, жыйынга депутаттар Ырысбек Атажанов, Фарходбек Алимжанов, Нилуфар Алимжанова, Фархат Исмаилов, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев, билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Усеков, Инвестиция боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Жалын Жээналиев катышты. Андан тышкары Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын жетекчилери онлайн форматта катышып, баяндама жасашты

Количество просмотров: 99