Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин 8-чакырылышынын алгачкы жыйыны өтүп, жаңы шайланып келген депутаттар ант берип ишине расмий киришти.
Ошондой эле жыйында Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоо маселеси да каралды. Талапкер катары депутат Нурланбек Тургунбек уулун беш депутаттык топ бирдей колдоп, сунушташты.
Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтүп, 90 мандаттын 87сине депутат шайланган. Ал эми №13 округдагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган.