Нурсултан Назарбаев Кыргызстанды үлгү катары көрсөттү
Нурсултан Назарбаев Кыргызстанды үлгү катары көрсөттү
9 Тогуздун айы 201813:05 Бишкек Govori.TV
Бишкек.09.10.2018.Govori.TV.
Казак президенти Нурсултан Назарбаев кыргыз бийлигин үлгү катары көрсөттү. Ал 5-октябрда карапайым калкка кайрылуу жасап жаткан учурунда айтты.
Журт башчысы Казакстандын соода саясатын азуусуз катары баалап, аны активдештирүүгө чакырды.
«Соода саясаты биздин товарларды дүйнөлүк рынокко алып чыгууга катуу аракет жасашы керек. Ошол эле учурда биздин ишкерлерге көмөк көрсөтүп, жөнөкөй жарандардын экономикасын өнүктүрүү зарыл», -деди ал.
Нурсултан Назарбаев ЕАЭБке мүчө мамлекеттердин соода саясатын мисалы келтирди. «Айланада эмне боулп жатканын карасаңар? Биз Кыргызстандын жолун жапканда эмне болду? Алар күрөштү. Биздикилер унчукпай олтура беришет. Алар жогорку жетекчилик гана талашып-тартышып, жол ачып берерине көнүп калышкан», — деди Казакстандын президенти.
Эске саклсак, 2017-жылдын октябрь айында Казакстан Кыргызстан менен чек араны жапкан. Өкмөттөрдүн сүйлөшүүсүнөн кийин гана жол картасы иштелип чыгып, оор жүк ташуучу ууналарды жана кишилерди өткөрүүгө макулдук берген. Казакстан Орусия тарапта Кыргызстанга бет алган ууналардын да жолун торогон. Коңшу өлкө бир айдан ашык убакыттан кийин гана ачылган.