• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Нурсултан Назарбаев Кыргызстанга келет

12 Бештин айы 2018 17:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 12.12.2018. Govori.TV

Бүгүн, 12-декабрда Казакстандын Астана шаарында чет элдик мамлекеттердин жаңы дайындалган элчилери президент Нурсултан Назарбаевге ишеним каттарын тапшырышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин маалымат кызматынан билдиришти.

Расмий аземге Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Жээнбек Кулубаев катышты. Нурсултан Назарбаевге Кулубаев ишеним катын тапшырып жатып, президент  Сооронбай  Жээнбеков аны  Казакстанга кыргыз мамлекетинин атынан толук ишеним менен жибергенин белгиледи.  Ошону менен бирге кыргыз-казак мамилесинмындан ары дагы бекемдөөгө жана тереңдетүүгө бардык күчүн жумшарын айтып ишендирди.

Өз кезегинде Назарбаевди келерки жылы Кыргызстанда расмий сапары менен келүүнү күтүп жаткандыгын билдирди.

Количество просмотров: 38