• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Нурзат Нуртаева 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиону болду

21 Кулжа 202513:44 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар курама командасы (U-23) Вьетнамдын Вунг Тау шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында 5 медаль жеңди.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, анын ичинен бирөө алтын, экөө күмүш жана экөө коло медаль.

Алтын медаль ээси:

  • 72 кг Нурзат Нуртаева.

Күмүш медалдын ээлери:

  • 55 кг Арууке Кадырбек кызы;
  • 67 кг Кайыргүл Шаршебаева;

Коло медалдын ээлери:

  • 65 кг Дильназ Сазанова;
  • 68 кг Гульнура Таштанбекова;

Курама команда улук машыктыруучу Нурдин Донбаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Количество просмотров: 225