«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” долбоорунун алкагында уюштуруп келген айымдардын лидерлик дараметин арттырууга багытталган тренинг бул жолу Ысык-Көлдө өттү.
Бул окутуу тренингине өлкөнүн түндүк жергесиндеги 21 лидер айым чогулду. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист жана жеке ишкерлер бар.
Алардын бири Нуржамал Эралиева Таластан келди. Айымыбыз 56 жашында IT адиси болгон.
Ал «Кыйындан» өз кемчиликтеримди көрдүм деген пикирин айтты.
«Бир канча айымдардын арасынан тандалып келдим. Бул жерден кыйынды кыйын деш керек экенин билдим. Тренингден өзүбүздү алып жүрүүдөн тартып, туура кийинүүнү үйрөндүк. Бул жактан алган билимимди башкаларга да үйрөткүм келет», — дейт ал.