• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Нышанов: Бийлик менен кызматта тургандар критикаларды укканга милдеттүү

24 Жалган куран 2021 18:20 Бишкек Govori.TV

Бийлик менен кызматта тургандар критикаларды укканга милдеттүү. Бул тууралуу ЖК депутаты Сайдулла Нышанов билдирди.

Анын айтымында, бийлик элден уккан сындарын оңдоп-түзөөгө аракет кылыш керек.

«Албетте критиканын баары эле туура болбойт. Ким сын айтып жатканы маанилүү, бул башка маселе. Бирок көбү туура негизде айтылат. Мунун туурасын кабыл алуу керек. Ал эми айрымдар негизсиз эле сындай беришет. Айтылгандарды угуп, сындарга карата өздөрүнө чечим кылуусу керек», — деди ал.

Количество просмотров: 110