• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Нью-Йорк мэри иш-чарага кыргыз чапанын кийип келген

9 Чын куран 2023 17:13 Бишкек Govori.TV

Нью-Йорк шаарынын Мэри Эрик Адамс кече Бруклиндеги коомдук иш-чарага катышып, элдин алдына кыргыз чапанын кийип чыккан. Бул тууралуу өзүнүн фейсбук баракчасына ишкер Жодар Сайдилкан жазды.

Анын айтымында, Нью-Йорк мэри кыргызстандык чебер Жумагул Сариева жараткан бренд чапанын кийген.

«Буга чейин Жумагул эженин ушундай чапандарды кыргыздын жээни дүйнөлүк алдыңкы скрипка чебери Даниил Лозакович жана Бириккен Арап Эмирликтеринин негиздөөчүсү Шейх Зайдтин анын атын алып жүргөн небересине белек кылганын көргөм.

Жумагул эже чеберчилигиңиз менен кыргызды дүйнөгө таанытууну улантыңыз, Чапансар дүйнөлүк атактуу брендге айлансын!», — деп жазат ал.

Количество просмотров: 609