О! мобилдик оператору калктын 99,8%дан ашыгы жашаган камтуу аймагында Кыргызстанда 4G/3G/2G тармактары менен камтуусу жана сыйымдуулугу боюнча өзүнүн лидерлигин ырастайт.
Көрсөтүлгөн аймактарда жашаган өлкөнүн миллиондогон тургундары жана коноктору мындан да тезирээк мобилдик интернет жана сапаттуу байланышты пайдалана алышат. Акыркы эки айдын ичинде О! операторунун техникалык адистери ишке жаңы жабдууларды киргизишти, иштеп жаткан жабдууларды модернизациялашты жана көрсөтүлгөн шаарлар менен айылдардын аймагында тармактардын бардык түрлөрүнүн туруктуу сигналын камсыз кылышты.
Чүй облусу: Бишкек, Токмок, Кант, Орловка, Кара-Балта шаарларында, шаар тибиндеги Борду кыштагында, «Өскөн-Ордо» турак-жай массивинин аймагында, «Чуңкурчак» тоо-лыжа базасынын аймагында, аэропорт Манас, ошондой эле Кызыл-Туу, Дружба, Калмак-Ашуу, Шабдан, Военно-Антоновка, Ново-Павловка, Ново-Покровка, Арашан, Үч-Коргон, Аламүдүн, Чий-Талаа, Чоң-Кара-Буура, Жаңы-Жер айылдарында;
Ысык-Көл облусу: Каракол, Чолпон-Ата, Балыкчы шаарларында, ошондой эле Орлиное, Кайырма-Арык, Биостанция, Корумду, Бостери, Чоң-Жаргылчак, Тамчы, Токтогул, Желе-Дөбө, Тепке, Ой-Тал, Семеновка, Сары-Ой, Чоң-Сары-Ой, Бает, Бөрү-Баш, Ак-Чий, Тамга, Аң-Өстөн, Ичке-Булуң, пансионаттын аймагында Бар-Булак айылында, Алкым, Комсомольское, Конкино, Советское, Кара-Талаа, Барскоон, Бактуу-Долоноту (Прогресс), Күрмөнтү айылдарында;
Талас облусу: Талас шаарында жана Үч-Коргон, Көпүрө-Базар, Ак-Коргон, Талды-Булак, Чоң-Кара-Буура, Бакай-Ата айылдарында;
Нарын облусу: Нарын шаарында, Кыргыз-Алтын карьеринде жана Сары-Булуң, Жаңы-Арык, Кызарт, Бугучу, Жерге-Тал, Байгенчек, Көк-Жар, Ак-Кыя, Баш-Кайыңды, Жумгал, Ак-Татыр, Чукур-Аксеки айылдарында;
Баткен облусу: Кызыл-Кыя, Кадамжай шаарларында, ошондой эле Халмион, Баймаала, Марказ, Бак, Гүлдүрөмө, Кара-Дөбө, Чуңкур-Кыштак, Адыр, Арпа-Сай, Сары-Алтын, Кыргыз-Кыштак, Чекелик, Ноогардан, Чоң-Гара, Миң-Чынар, Разъезд, Өрүкзар, Курулуш, Көк-Тал, Бужум, Арпа-Сай, Сары-Алтын айылдары.
«Шаарлардабы же чакан калктуу конуштардабы, абоненттер видеону абдан активдүү көрүп, «оор» контентти жүктөп, онлайн чалуулар аркылуу баарлашып жатканы көнүмүш болуп калды. Биз мындай аймактарды ыкчам аныктайбыз жана тигил же бул аймактын жашоочулары үчүн маалыматтарды берүүнүн жогорку ылдамдыгын камсыз кылуу үчүн эң ылайыктуу техникалык чечимди тандайбыз», – деп белгиледи О! техникалык директору Антон Коваленко.
o.kg сайтында камтуу картасын толук карап чыгып жана ыңгайлуу тарифти тандап алсаңыз болот.