• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Оңдоп-түзөө үчүн жабылган мектеп 2 жылдан бери ачыла элек. Ата-энелердин нааразычылыгы күчөдү

1 Чын куран 2021 14:17 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-апрелде Бишкек шаарынын Свердлов районундагы №76 мектепте билим алган балдардын ата-энелери митингге чыгышты. Алар колдоруна «Кыргыз мектептер сакталсын!», «№76 мектеп оңдолсун!», «Балдарыбыздын заманбап мектепте окуусун каалайбыз!» деген жазууларды кармап турушту.

Нааразычылык акциясына чыккан ата-энелердин бири Эркин Айдаралиева аталган мектеп 2019-жылдын күз айында оңдоп-түзөө үчүн жабылып, дээрлик 2 жылдан бери ачылбай турганын айтты.

«Менин балдарым дагы №76 техникалык лицейде окуйт. Бул борбор калаадагы кыргыз тилдүү мектептердин бири. Аталган мектептин жабылганына 2 жыл болду. Бийлик бутактарына үнүбүз жетпей жатат. Балдарыбыз бүгүнкү күндө №4 жана №45 мектептерде билим алып жатат. Мугалимдерге дагы убал болду. Ушул меселе боюнча өткөн жылы Билим берүү министрлигине, Бишкек шаарынын мэриясына, Свердлов районунун акимине кайрылганбыз. Жакында оңдоп түзөө иштерин бүтүрөбүз дегени менен бүгүнкү күнгө чейин жыйынтык жок. Мектепке эч кандай кум таш түшүрүлбөй, мектеп мурдагы абалда жабык турат. Балдар окубаганы менен аталган мектепте шайлоо процесси кадимкидей эле өтүп жатат. Эмне үчүн мектеп ачылбай жатат билбейбиз», — деди Айдаралиева.

Аталган мектепте буга чейин төрт баласын окуткан Клара Абылова төмөндөгүлөргө токтолду.

«Өзүмдүн беш балам мектепке барат. Анын ичинен төртөөсү ушул №76 мектепте окушат. Бүгүнкү күндө эки мектепке бөлүнүп билим алып жатышат. Баары коомдук транспорт менен барышат. Айрым ата-энелердин жол кире үчүн каражаттары тартыш болууда.  Бизге жакын жердеги мектепти ачып беришсе жакшы болмок. Менден башка дагы кыйналган ата-энелер көп», — деди ал.

Ал эми Бишкектин Свердлов райононунун акими Мурат Осмонов аталган мектеп эскилиги жетип, авариялык абалда болгондуктан комиссиянын чечими менен жабылганын билдирди.

«2019-жылы бизди аталган мектептин жетекчилиги чакырып, абалы менен таанышканбыз. Анда көптөгөн көйгөйлөр көрүндү. Мектеп 1930-жылы салынган. Жылуулук системасы, ичиндеги дубалдар эскилиги жетип, балдарга кооптуу жагдай жараткан. Ошол жылдын жай айында мэрия тарабынан комиссия түзүлүп, комиссиянын чечими менен мектеп жабылган. Мектептин коопту экени Сейсмология институтунун корутундусунда дагы жазылган. Мектепти калыбына келтирүү боюнча иштер башталып, долбоор чийилип жатканда пандемия болуп калды. Буга байланыштуу иштер жайлап калган. Бүгүнкү күндө долбоордун 80% бүтүп калды. Азыр анча-мынча маселелер бар. Мектепти жаңы окуу жылына чейин бүтүрүү пландалып жатат, каражат бар. «Мектепти жеке ишкер сатып алыптыр» деген маалыматтар чындыкка дал келбейт», — деди аким.

Кошумчалай кетсек, №76 мектепте 500гө жакын бала билим алып, 41 мугалим эмгектенет.

Количество просмотров: 139