• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Оңдоп-түзөөдөн кийин Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү ачылды

17 Аяк оона 202511:28 Бишкек Govori.TV

Бишкекте кун мурун оңдоп-түзөө иштеринен кийин Ахунбаев көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн — Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки, узундугу 1,7 чакырымды түзгөн бөлүгү толугу менен пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган жол бөлүгүндө төмөнкү иштер аткарылган:

– эки катмар асфальт төшөлдү;

– жаңы жол белгилери орнотулду;

– жол чийиндери чийилди;

– жол боюндагы бордюрлар жаңыртылды.

Жогоруда аталган ондоп-түзөө иштери транспорт агымын жакшыртууга жана шаардагы жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган.

Мэрия шаар тургундарын жана конокторун жаңыланган жол тилкелеринде жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.

Количество просмотров: 100