• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

О.Панкратов: 2-%дан -5%-га чейин жогорулатуу орто жана кичи бизнестин ишкерлерине тиешеси жок

6 Баш оона 2018 12:48 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 06.08.2018.Govori.TV
Сатуудан алынуучу салыкты 2 пайыздан 5 пайызга чейин жогорулатуу демилгеси орто жана кичи бизнестин ишкерлерине тиешеси жок. Бул тууралуу Экономика министри Олег Панкратов пресс-конференцияда айтты.
“Салыкты 2 пайыздан 5 пайызга чейин көтөрүү максаты ири соода ишканалары болуп эсептелет. Айтылып жаткан жаткан максаттуу топ бул чоң соода эмес: кичи ишканалар, кичи базарлар жана башкаларга багытталган. Бул — накталай эмес төлөмдүн талаптарын техникалык аткаруу эч кандай маселе жаратпай турган ири дүкөндөр, орто жана ири дүңүнөн соода кылуу болуп саналат. Бардыгын карточкага өткөрүүгө багытталган”, — деди Панкратов.
Министр билдиргендей, сатып алуудан алынган салыктар накталай төлөмдөргө гана жүргүзүлөт. Болгону карточка менен соода кылгандардан эч кандай салык алынбайт. Министрдин айтканына таянсак мындар ары карточка менен соода кылган кардарлар эки пайыз жеңилдик талап кыла алышат.
Социалдык тармактын колдонуучулары өкмөттүн сатуудан алынган салыкты эки пайыздан беш пайызга чейин көтөрүү сунушуна терс пикирин билдирген. Анткени бул салык бир жолу гана алынбастан, ар бир сатып алууда алынат. Андыктан бул өз кезегинде карапайым калкка оорчулук алып келет дешүүдө.
Количество просмотров: 25