• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Обсервацияда тополоң чыгаргандар менен ИИМ түшүндүрүү иштерин жүргүздү

18 Бугу 2020 13:56 Бишкек Govori.TV

Соль-Илецктен келип обсервацияда жаткандар тополоң чыгарышты. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тарады. Ага ылайык, обсервацияда жаткандар нааразы пикирлерин айтышып, сыртка чыгып, тополоң салышкан. Алар үйлөргө кое берүү талабын коюшканы айтылууда.

Ал эми бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов коомдук тартип боюнча өкмөт үйүндө маалымат берип жатып, обсервацияда жатып тополоң салган жарандар тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында аларга туура эмес маалымат жетип, туура эмес пикирлер жаралган.

«Ушак кептерге ишенип, башкаларды үй карантинге чыгарып жатыптыр, бизди да кетиргиле деп чыр салышкан. Бүгүнкү күндө алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, күнөлүүлөр тиешелүү жазаларын алышат», — деди ал.

Бүгүн, 18-майда Соль-Илецк шаарынан келген дагы 43 адамдан коронавирус аныкталды. Муну менен аталган шаардан келип коронавирус аныкталгандардын саны 101ге жетти.

Количество просмотров: 75